16.04.2018 14:14

Бүгүн БШК Асылбек уулу Дамирбекти  депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт

Бүгүн БШК Асылбек уулу Дамирбекти  депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт

Бүгүн БШК Асылбек уулу Дамирбекти  депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт.  Бул үчүн шайлоо комиссиясында депутаттын башка мамлекеттин жараны экенин тастыктаган документ бар.

Эскерте кетсек, 16-февралда  коңшу мамлекеттин күч структуралары Дамирбек Асылбек уулун Кытайдан Казакстан жана Россияга аткезчилик жолу менен товар ташыган топтун башчысы деп айыптап чыгышкан.

Кийинчерээк депутат кош жарандыкка ээ экени тууралуу маалымат чыгып,  аны депутаттык мандаттан ажыратуу талаптары жаңырган. Учурда анын ордун Жогорку Кеңеште тизме боюнча кийинки талапкер Руслан Чойбеков ээлери күтүлөт.